08 апрель 2026
Кароолор: 5
Баткенде көз карандысыз Миң-Өрүк-Самаркандек автожолунун курулушу жүрүүдө
Баткенде көз карандысыз Миң-Өрүк-Самаркандек автожолунун курулушу жүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Миң-Өрүк-Самаркандек автожолунун курулушунан кабар алды. Облус башчысы жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеринде жолугуп, жолдун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана курулуш иштеринин жүрүшүндө жаралган маселелерди ыкчам чечүүнү тапшырды.
Баткен облусунун Тажикстан Республикасы менен чектеш аймагында, узундугу 3,2 чакырым болгон Миң-Өрүк-Самаркандек автожолунун курулушу 2025-жылдын август айында башталган.
Жолдун курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.
Курулуш КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызавтожол-түштүк" мамлекеттик ишканасы Кытай мамлекетинин “Хэнань линцзо” жол куруучу компаниясы менен бирге ишке ашырылууда. Курулуш мөөнөтү 3 жыл болуп белгиленген.
Жолдун туурасы 10м болуп асфальт төшөлөт. Дарыянын жана жолдун үстүнөн узундугу 266м болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушу долбоорлонгон. Жол түнкүсүн жарыктандырылат.
Курулуп жаткан жол азыркы учурда пайдаланып жаткан жолго караганда Лейлек тарапка 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айылына 17 чакырымга кыскарат. Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу, көпүрөнүн таянычтарын куруу иштери кызуу жүрүп жатат.
Жолдун курулушу үчүн бир бетон даярдоочу завод жана бир таш майдалоочу жабдык курулуп, иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы