11 март 2024

Кароолор: 4

Баткенде “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өттү.

Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, район-шаар башчылары, бардык мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Форум КРнын Министрлер Кабинетинин «2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу» боюнча, кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу максатын көздөйт.

Ага ылайык иш чара коопсуздукту камсыздоодо биргелешип аракеттенүүгө багытталган.

Алгач катышуучуларга ички иштер тармагында аткарылып жаткан иш аракеттер тууралуу видео тасма көрсөтүлдү. Андан соң коомчулуктагы социалдык көйгөйлөрдүн кесепети тууралуу сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, “бүгүнкү форум, аймакта коопсуздукту камсыздоо багытындагы иш аракеттерди, сунуш пикирлерди, мүмкүнчүлүктөрдү ортого салып, биргеликте алга карай аракеттенүү үчүн эң жакшы аянтча болуп турат.

Облустагы коопсуздукту камсыздоо, комплексттүү аракеттенүүнү талап кылат. "Ооруну дарылагандан көрө алдын алган жеңил" деген сөз бар элибизде. Кайдыгерлик бул көп окуяларга себеп болот. Ошондуктан кылмыштуулуктун алдын алууда эл менен тыгыз иштешүү сөзсүз натыйжасын берет” деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда Концепцияны жүзөгө ашыруунун алкагында, облустук деңгээлде 13 бөлүктөн турган иш-аракеттердин Улуттук планы иштелип чыккан. Ошондой эле 2024-жылдын 2-февралында облус башчысынын буйругу кабыл алынып, облустук мекеме ишканаларга жана райондук мамлекеттик администрацияларга, шаардык мэрияларга тапшырмалар берилип аткарууга алынган.

Форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды.

Ошондой эле милиция менен тыгыз иш алып барган бир катар жетекчилер жана кызматкерлерге ИИМдин сыйлыктары ыйгарылды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы