30 январь 2024

Кароолор: 36

Баткенде көк бөрү боюнча облус башчысынын кубогу өтүүдө

Баткенде көк бөрү боюнча облус башчысынын кубогу өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү жарлыгынын алкагында, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көк бөрү боюнча Кубогу өтүп жатат.

Спорттук иш чара бүгүн 30-январда Раззаков шаарында башталды.

Иш чараны КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков, Көк-Бөрү Федерациясынын президенти Рамис Жунусалиевдер ачып, командаларга ийгилик каалашты.

Улуттук оюн көк бөрү боюнча облустун район шаарларынан топтолгон жалпы 5 команда күч сынашууда.

Оюндун жыйынтыгы менен жеңүүчулөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атайын сыйлыктары, диплом, медалдар жана кубок ыйгарылат.

Спорттук иш чара КРнын Көк-Бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурулуп жатат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы