30 июнь 2023

Кароолор: 49

Баткенде климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баштаган топ, КОЙКА уюмунун климат департаментинин директору Жихи Ким жана ПРООНдун Кыргызстандагы кеңсесинин экология, климаттын өзгөрүүсү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаевалар жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда “Жашыл Климат” Фондунун алкагында ишке ашуучу долбоор тууралуу сөз болду.

Белгилей кетсек, ПРООН жана КОЙКА уюмунун биргелешкен аракети менен Баткен облусунун аймагында климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө.

Аталган долбоордун алкагында аймакка 50 млн долларга чейин каражат каралаары күтүлөт.

Бул долбоорго Баткен,Кадамжай жана Лейлек районунун бир катар айыл өкмөттөрү пилоттук негизде тандалууда.

Долбоордун алкагында аталган аймактарда суу таңкыстык көйгөйүн жеңилдетүү маселелерине көңүл бурулат.

Сууну үнөмдүү пайдалануу, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу, суу жетпеген дың жерлерди өздөштүрүү каралууда.

Адистердин айтымында климаттын өзгөрүүсү менен жыл сайын аймакта сугат суунун азайуусу байкалууда.

Бул глобалдык маселенин кесепеттерин алдын алуу максатында, “Жашыл Климат” Фонду менен кызматташуу аркылуу кечиктирилгис чараларды көрүү белгиленген.

Мындан улам учурда бул багытта иш чаралар планы боюнча билдирменин үстүндө иш алып барууда.

Тимур Мадяров өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Айыл чарба министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте, аталган долбоорду ишке ашырууда максаттуу иш алып барылаарын белгиледи.

Белгилей кетсек,мындай климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча долбоор буга чейин ПРООНдун колдоосу менен Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында,Ас-Сафа кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен Кара-Бак айыл аймагында ийгиликтүү ишке ашкан.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы