20 июнь 2024

Кароолор: 47

Баткенде килем цехи ишке кирет

Баткен районунун Ак-Сай айылында килем цехи ишке берилүү алдында турат.

Килем токуу ишканасын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн, айылдагы кондитердик цех болгон эски имарат капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Ага Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен, 2 млн 800миң сом ажыратылган.

Имаратка айыл элинин сунушу менен, килем цехин куруу боюнча долбоор жазылып, жактырылган. Натыйжада СASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму бардык керектүү жабдууларын орноткон.

Учурда 32 аял килем токуу боюнча окуудан өтүп жатат.

Цехке сырье да ишканадан даярдалат. Айылдагы малдын жүнү кабыл алынып, жууп тазалоо менен жип өндүрүлөт. Натыйжада экологиялык жактан таза, жумшак, сапаттуу, жаңы технология менен токулган килемдер даярдалат.

Бизнес жаатында “Кыргыз килеми” ишканасы өнөктөш болууда. Аталган ишкананын чеберлери учурда айылдагы кыз келиндерди килем токуу боюнча окутуудан өткөрүүдө.

Муниципалдык ишкана жакынкы күндөрү салтанаттуу ачылышын жасап, расмий түрдө ишке берилүүсү күтүлүүдө. Жыйынтыгында 28 кыз-келиндер жумуш орду менен камсыз болот.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы