24 сентябрь 2025
Кароолор: 11
Баткенде “Келечек жаштардын колунда, коопсуз жашоо -жалпы жоопкерчилик” аттуу форуму өтүүдө.

Аталган форум Баткен облустук Апаз Жайнаков атындагы облустук драма театрында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов баштаган ички иштер органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар, билим берүү бөлүмдөрү, мектеп директорлору, соц педагог мугалимдер, ата-энелер комитети, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, облустук казыяттан өкүлдөр жана окуучулар катышты.
Форумдун максаты: Жаштар арасында зордук-зомбулуктун, жашы жетелектерге карата кылмыштардын, экстремизмдин, баңгизатка көз карандылыктын алдын алууга багытталган туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу, ошондой эле коомдун коопсуздугу жана бакубаттуулугу маселелери боюнча жигердүү аң-сезимдүү жарандык позицияны өнүктүрүү жана мотивацияны жогорулатуу болуп саналат.
Алгач жетекчилер милициянын жаш жардамчылар тобунун ишмердүүлүгү, мектеп окуучуларынын ойлоп тапкычтыгы боюнча көргөзмөгө күбө болушту. Андан соң укук бузунун алдын алуу жөнүндө видеоролик, окуучулар тарабынан сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.
Сөзгө чыккан жетекчилер, келечек муун алдындагы жоопкерчилик, балдар арасындагы кылмыштуулуктун себептери, анын алдын алуу жолдору тууралуу айтып, коопсуз келечек үчүн биргеликте иштөө маанисин белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы