09 октябрь 2025

Кароолор: 24

Баткенде карыларга сый урмат көрсөтүү иш чаралары уланууда

Баткенде карыларга сый урмат көрсөтүү иш чаралары уланууда

1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата, бүгүн Баткен шаарында, облустун аймагынан чакырылган ата апаларга сый тамак уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышып, куттуктоо менен каалоо тилектери айтты. Облус башчысы өз сөзүндө «Карысы бардын – ырысы бар. Сиздердин акыл насаатыңыздар, ак батаңыздар менен өлкөбүз өнүгүү жолунда”деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 71000 пенсионер бар. Жүз жаштан ашкан 24 ата апалар бар. Аларга облус башчысынын буйругунун негизинде, карыларга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланып, жер жерлерде ар кандай колдоолор көрсөтүлүүдө.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы