01 октябрь 2025
Кароолор: 8
Баткенде карыларга сый урмат көрсөтүлүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Баткен районунун Согмент айылынын тургуну, 100 жаштагы Назарали Ураимовдон кабар алып, облус башчысы Айбек Шаменовдун куттуктоосун жана белектерин тапшырды.
Назарали атанын 9 баласы,100гө жакын небере чеберелери бар.
Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда, согуштан кийин эсепчи болуп эмгектенген.
Белгилей кетсек, 1-октябрь улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата,облус башчысынын буйругу чыгып, карыларга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.
Бул багытта Баткен облусунун аймагында, карыларга сый урмат көрсөтүү иш чаралары жүрүүдө.
Баткен облусунда учурда 100 жаштан ашкан 24 ата апалар бар.
Алардын баарына ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектери жеткирилүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы