16 апрель 2026
Кароолор: 9
Баткенде “Илим, практика жана инновациялар – туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө
Баткенде “Илим, практика жана инновациялар – туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө
Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баш болгон жергилктүү бийлик өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук Илимдер Академиясынын түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов баш болгон кыргыз илимпоздору, Өзбекстандын Наманган шаарынан келген илим изилдөөчүлөр катышты.
Жаныбек Исаков өз сөзүндө илимий жетишкендиктерди өндүрүшкө жана коомдук турмушка киргизүү - ар бир аймактын жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты деп белгилеп, Баткен - эң жаш жана алыскы аймак катары да илимий жактан терең изилденүүгө муктаж. Бул конференция илимпоздор менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, жаңы идеялардын жаралышына, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусуна өбөлгө түзөт деген ишеничин билдирди.
Иш чаранын максаты-КРнын туруктуу өнүгүүсү боюнча жана илимдин приоритеттүү багыттары боюнча илимий жетишкендиктерди талкуулоо жана изилдөөчүлөр, педагогдор жана практиктер арасында тажрыйба алмашуу.
Ал эми Эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, Илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, Илим менен билимди интеграциялоо, иш чаранын милдети катары белгиленген.
Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук Илимдер Академиясынын түштүк бөлүмү, Медициналык жана биологиялык көйгөйлөрдү илим-изилдөө институту, А.С.ДЖаманбаев атындагы жаратылыш байлыктары институту, Жалал-Абад илимий борбору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Баткен иститутунун биргелешкен аракети менен уюштурулду.
Иш чаранын илимий багыттары катары;
Медициналык, биологиялык жана табигый илимдери,
Инженердик жана техникалык багыттары,
Социалдык, экономикалык жана гуманитардык илимдер,
Биологиялык ар түрдүүлүк жана кайра жаралуучу энергия: аталган багыттардагы көйгөйлөр жана перспективалар болду.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы