31 январь 2025

Кароолор: 30

Баткенде гепатит оорусуна каршы күрөшүү шарттары жакшырган

Сарыктын В түрүн алдын алуу максатында облус аймагында акысыз эмдөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин жарандар гепатиттин В түрүнө каршы вакцинаны сатып алып жүргөн. Учурда мамлекеттик программанын негизинде эмдөө акысыз жасалат.

Ал эми облус аймагына келген вакцинаны сактоо үчүн жетиштүү шарт түзүлгөн. Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда заманбап кампа салынып, ичинде бардык келген вакциналарды сактоо үчүн муздаткычтар менен камсыздалган.

Бүгүнкү күнгө чейин кампага жалпы 71100 доза вакцина келген. Учурда 12497 адам толук эмдөөдөн өтүштү. Үч доза менен эмделген адам, толук эмдөөдөн өткөн болуп эсептелет. Мындан сырткары 22900 доза вакцина резервте бар.

Ошондой эле гепатиттин В,С, Д түрүн аныктоо үчүн изилдөөлөр да акысыз жасалат. Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда, заманбап жабдуулар менен жабдылган лаборотория ишке кирген.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы