25 апрель 2025

Кароолор: 8

Баткенде финансылык алдамчылык, кибер коопсуздук жана коррупция боюнча жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде, финансылык алдамчылыктан коргонуу үчүн чараларды көрүү зарылчылыгы, кибер кылмыштуулуктун алдын алуу жана КР Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Баткен шаарында жайгашкан бир катар мамлекеттик оргнадардын жетекчилери, кызматкерлери катышты.

Анда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын илимий кызматкерлери финансылык алдамчылыктын, укук бузуулардын алдын алуу, кибер кылмыштуулукка каршы тасирдүү ыкмаларды жайылтуу жана каржылык сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүү боюнча түшүндүрмө беришти.

Жыйындын негизинде төмөнкүдөй тапшырмалар коюлду.Алар;

-Акыркы учурларда мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин атынан алдамчылык фактылары катталып жаткандыгына байланыштуу, ар бир кызматкерге финансылык алдамчылыктан коргонуу боюнча жеке эрежелерди билүүсү керектигин жеткирүү

-Финансылык алдамчылык көйгөйүн массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу

-Баткен облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн, орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери, мектептердин окуучуларына, жогорку окуу жайларынын студенттерине белгилүү мессенджерлерде катталган жалган аккаунттарды сатууга туюу салынгандыгы боюнча профилактикалык лекцияларды, сабактарды өткөрүү

Мобилдүү байланыш кызматтарына да жарандардын коопсуздугу үчүн бир катар сунуштар айтылды.Алар;

-SIM-карталарды жана абоненттерди милдеттүү түрдө каттоо, анын ичинде баардык корпоративдик номерлерди компанияга эмес, абоненттерге каттоо;

-SIM-карталарды сатуучуларга (промоутерлерге) каттоону токтотуу;

- Кыргыз Республикасынан сырткары жашаган чет өлкөлүк жарандарга SIM-карталарды он-лайн каттоого тыюу салуу;

- бир жылдын ичинде бир адамга 5 SIM-картадан ашык катталбасын;

-SIM-карталарды каттоо биометрикалык маалыматтар аркылуу жүргүзүлсүн;

- ар бир жаран өз алдынча SIM-карта каттоого тыюу салуу

Ал эми КР Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча прокуратура кызматкерлери маалымат берип, Кыргыз Республикасынын коррупция жана жемкорлук боюнча укуктук актыларга жана ченемдик-укуктук актыларга киргизилген өзгөрүүлөр боюнча маалыматтар эскертилди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы