20 сентябрь 2023

Кароолор: 39

Баткенде эмгеги менен өзгөчөлөнгөн ишкерлер сыйланды

20-сентябрь ишкерлер күнүнө карата КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облуста ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерди майрамы менен куттуктап,сыйлыктарды тапшырды.

Облус башчысы өз сөзүндө “өлкөбүздүн, анын ичинде аймагыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүндө сиздердин эмгегиңиздер зор.Жаңы ишканалардын ачылышы, жумуш орундарынын түзүлүшү, сиздердин тыным албаган аракетиңиздердин натыйжасы. Урматтуу Президентибиз Садыр Нуркожоевич, сиздердин иш аракетти кубаттап, «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бул аракет ишкерлерди, инвесторлорду колдоо жана бизнестеги жагымдуу экономикалык климатты түзүүдө өзгөчө маанилүү деп эсептейм.

Албетте ийгиликке жетүү үчүн биргелешкен, эриш аркак аракет керек.Биз жеке сектор тарабынан сунушталган ар бир долбоорду колдоого даярбыз” деп белгиледи.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө обулстун социалдык-экономмикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлер, облус башчысынын “Ардак грамотасы”, “Алкыш барагы” жана “Баткендин мыкты ишкери” атайын сыйлыктары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча КЕҢЕШ түзүлгөн. Анын максаты, ишкерлердин башын бириктирүү, мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун ортосунда конструктивдүү маанайда иш алып баруу, аймакта бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу болуп саналат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы