13 май 2024

Кароолор: 32

Баткенде элге эмдөөнүн зарылчылыгы боюнча маалымат берилди

Бүгүн 13-майда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, дин өкүлдөрү менен бирге Баткен районунун Кара-Бак айылынын эли менен жолукту.

Жетекчилер айыл тургундарына кызамык, кызылча оорусу боюнча эпид кырдаал тууралуу маалымат берип, эмдөөнүн зарылчылыгын түшүндүрүштү.

Учурда облус боюнча кызамык менен ооругандардын саны 304 адамды түздү.

Анын 27 учуру Баткен районунун аймагында катталган болсо, 13 учуру Кара-Бак айылынын тургундары болуп саналат.

Айылда оорунун көп катталып жаткандыгынын себеби, эмдөөдөн баш тарткан учурлардын өсүүсү болууда.

Мындан улам тийиштүү жетекчилер айыл эли менен жолугушууда, ата-энелерге балдарынын, жалпы коомчулуктун саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн, жоопкерчиликтүү болууга чакырышты.

Адистердин маалыматында оору аба аркылуу жуккандыктан, өлкөдөгү кызамык боюнча кооптуу абалды эске алып, кырдаалдын күч алып кетүү коркунучунан улам, оорудан сактануунун бир гана жолу эмдөө экенин баса белгилешти.

Бирок ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенип, түшүнбөстүктөн улам эмдөөдөн баш тарткандар бар. Бул күнү адистер алардын баш тартуусунун себептерин сурап, ар биринин суроолоруна жооп берип, төрт саатка созулган жолугушууда кеңири маалымат беришти.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы