17 март 2026
Кароолор: 4
Баткенде электр энергиясын өндүрүү боюнча инвесторлор ке
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кытай Эл Республикасынан келген, Лю Цинлян баштаган China Huaneng Group Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн электр энергиясы тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов өз сөзүндө, “Баткен облусу күн нуруна бай аймактардын бири болуп саналат жана күн электр станцияларын куруу үчүн чоң потенциалга ээ. Ушуга байланыштуу, аймакта кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, артыкчылыктуу багыттардын бири деп белгилеп, бүгүнкү жолугушуу келечекте биргелешкен ийгиликтүү долбоорлорго жол ачат” деген ишеничин билдирди.
China Huaneng Group Co., Ltd. — Кытай Эл Республикасынын эң ири мамлекеттик энергетикалык корпорацияларынын бири (Кытайдын «беш чоң» мамлекеттик энергетика компанияларынын катарына кирет). Алар Баткен облусунда күндөн, шамалдан жана суудан электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, бул багытта долбоорлорун, Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагында ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдиришти.
Аталган долбоор ишке ашса, курулушта 500–700 жумуш орду, эксплуатацияда 60–80 туруктуу жумуш орду түзүлөт. Жергиликтүү жана республикалык бюджетке туруктуу салык түшөт. Өлкөнүн түштүк аймактарынын энергетикалык коопсуздугу чыңдалат.
Белгилей кетсек, Баткен облусунда 4 552,0 гектар жер тилкеси энергиянын кайра жаралуу булактары тармагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн трансформацияланып, “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесине өткөрүлүп берилген.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы