27 май 2025

Кароолор: 12

Баткенде Эл аралык "Ыр майрам" өтөт

Урматтуу Баткен облусунун тургундары жана коноктору!

Кылым карыткан жакын кошуналар - кыргыз-өзбек-тажик элдеринин достугун даңазалаган чоң майрам өтөт.

Гала концертте сиз үч өлкөнүн популярдуу ырчыларынын талантына күбө боло аласыз!

Кыргызстандан: Саламат Садыкова, Роза Аманова, Мирбек Атабеков, Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева, Нурлан Насип, Алишер Тоотаев жана башка таланттар.

Өзбекстандан: легендарлуу “Ялла" тобу, Севинч Муминова баштаган таланттар.

Тажикстандан: Дилноза Каримова, Хасан Камол, Шерози Камол баштаган ырчылар катышат.

Ошондой эле салтанатты белгилүү бийчилер топтору көркүнө чыгарат.

Эл аралык “Ыр майрам” 31-май күнү, Баткен шаарынын борбордук стадионунда, саат 20:30да башталат.