14 октябрь 2024
Кароолор: 5
Баткенде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча пландуу иш чаралар өтөт
Баткенде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча пландуу иш чаралар өтөт
Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын калыптандыруу, радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ошондой эле коомдук коопсуздукту жана диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү, укук коргоо органдары, дин кызматкерлери жана аксакалдар жана аялдар кеңештери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик идеологияны бекемдөө, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын диний жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу, толеранттуулукту жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу маселелери талкууланды.
Бактыбек Токсонбаев, экстремизм жана радикализм сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана дин кызматкерлеринин өз ара тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук коопсуздук жана руханий өнүгүү жаатындагы Жарлыктарынын жана мамлекеттик саясатынын маанисин түшүндүрүп өттү.
Жыйындын жыйынтыгында калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, аймактарда профилактикалык иш-чараларды тынымсыз өткөрүү жана жарандардын радикалдык көз караштарга кабылуусуна жол бербөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мындай иш чаралар облустун башка район шаарларында да өткөрүлөт.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Басма сөз кызматы