11 ноябрь 2025

Кароолор: 5

Баткенде дагы бир жаңы чакан ГЭС пайдаланууга берилет

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр болду.

ГЭСтин 1-агрегаты тесттик режимде иштеп жатат, сыноодон ийгиликтүү өттү. Анын кубаттуулугу саатына 200 кВт. ГЭСтин жалпы убаттуулугу 600 кВт.

Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8,0 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 8,0 млн сом насыя берилген.

ГЭСтин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт.

10 адам жумуш менен камсыз болууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, ГЭСтин ишмердүүлүгүнөн кабар алды.