11 ноябрь 2025

Кароолор: 3

Баткенде дагы бир логистикалык борбор пайдаланууга даяр

Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылындагы логистикалык борбордун курулушу аяктады.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, бүгүн аталган ишкананын даярдыгын жеринен көрдү.

Логистикалык борбор, айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык ишкана болуп эсептелет.

Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен 22млн сом бөлүнгөн.

Логистикалык борбордо бир убакта 350 тонна айыл чарба продукцияларын көп убакытка чейин сактап, экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Белгилей кетсек, Бирлик айыл аймагында жылына 5300 тонна картошка, 5800 тонна сабиз, 2000 тонна алма жыйналат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы