13 ноябрь 2023
Кароолор: 38
Баткенде чек арада каза болгон эки баатырдын ысмы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды

Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы көчөгө КР Ички иштер министрлигинин атайын багытталган полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысмы ыйгарылды.
Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон.
23 жашында мекен чегин коргоп жатып набыт болгон баатырга (каза болгондон кийин) өлкө башчысы тарабынан "Эрдик" медалы ыйгарылган.
Бул күнү Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө Марат Ташмирзаевдин ысмы берилди.
Ал да 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон.
20 жашында мекен чегинде каза болгон чек арачы Марат Ташмирзаев, КР УКМКнин Чек ара кызматынын Бөрү атайын отрядында кызмат өтөп жаткан.
Баатырлардын ысмын ыйгаруу аземине КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, баатырлардын жакындары, айылдаштары, кесиптештери катышты.
Облус башчысы өз сөзүндө "мекендин бүтүндүгүн коргойм деп жатып шейит кеткен баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт, алар аз жашаса да, ысымдары түбөлүккө жашайт"деп белгилеп, баатыр уулдарды тарбиялаган ата-энелерине ыраазычылык билдирип, көңүл айтты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин чек ара окуяларында каза болгон 45 мекендешибиздин ысмы өздөрү туулуп өскөн аймактардагы көчө, эс алуу парктары, спорт комплекс сыяктуу объекттерге берилди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы