16 сентябрь 2025
Кароолор: 5
Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

Эскерүү иш чарасы бул ирет Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы, чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалында өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, район акими Данир Иманалиев жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.
Алгач чек ара окуяларында баатырларча курман болгон жарандардын эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду.
Ушундай эле иш чара Лейлек районунун Раззаков шаарында дагы өтүп, район акими Асылбек Жеңишбек баштаган жергиликтүү жетекчилер, чек ара шейиттеринин жакындары катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы