30 апрель 2024

Кароолор: 1

Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн 30-апрелде Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү.

Бул күнү чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орну басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

Маруфхан Тулаев өз сөзүндө “кыргыз-тажик чек арасында эки ирет орун алган куралдуу жаңжал, ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Биз бүгүн сиздер менен, ошол окуялардын оор жоготууларын эскерип турабыз. Албетте адам өмүрү кымбат. Үй жай, мал мүлк, баарынын орду толтурулду. А бирок жоготкон жарандарыбыздын ордун эч нерсе толтура албай келет. Убакыт баарын дарылайт дейт элибизде, баарыңыздарды кайраттуу болууга чакырам. Чек араны коргоп жатып, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн курман болгон баатырлардын элеси ар дайым эсибизде болот. Мекен үчүн курман болгон баатырлардын ата-энелерине таазим этебиз” деди.

Бул күнү чек ара окуяларында курман болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп сүмөлөктөн даам татышты.

Ошондой эле чек арадагы куралдуу жаңжалдарда баатырларча курман болгон жарандардын жаркын элесине арналган, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин, кичи футбол боюнча кубогу расмий ачылып, оюн башталды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы