16 сентябрь 2024

Кароолор: 25

Баткенде чек ара курмандыктары эскерилди

Бүгүн Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө чек арадагы куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Эскерүү иш чарасына Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы