19 ноябрь 2025

Кароолор: 8

Баткенде чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Баткенде чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

ГЭСтин ачылуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов,район акими Болоткан Баяке уулу баш болгон жетекчилер,жергиликтүүлөр катышты.

ГЭСтин 1-агрегаты толук кандуу ишке кирди.

Анын кубаттуулугу саатына 200 кВт. ГЭСтин жалпы убаттуулугу 600 кВт.

Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8,0 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 8,0 млн сом насыя берилген.

ГЭСтин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт.

10 адам жумуш менен камсыз болууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы