14 июнь 2024
Кароолор: 31
Баткенде бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнү белгиленүүдө

Иш чара Баткен облустук кан борборунда өтүп, ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев катышты.
Маруфхан Тулаев өз сөзүндө “донорлор өмүр сакчылары, анткени сиздер канчалаган бейтаптардын өмүрүн сактоого салым кошуп жатасыздар. Жашоодо адам өмурүнөн кымбат эч нерсе жок. Кан тапшыруу – бул тилектештик” деп белгилеп, бир катар донорлорго сыйлыктарды тапшырды.
Бул күнү 30 жолудан ашык кан тапшырган жарандар “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” наамына татыктуу болуп, төш белги менен сыйланышты. Ошону менен катар кан донорлорун уюштурууда жана кан запасын толуктоого зор салым кошкон жарандар жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгеги бааланды.
Иш чарада өзгөчө кырдаалдар, чек ара аймактарында болуп өткөн куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган жарандарга жардам көрсөткөндөрдүн дарегине ыраазычылыктар айтылды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы