30 апрель 2024

Кароолор: 23

БАТКЕНДЕ БҮГҮН ЖЕТИ ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Объекттер Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгын утурлап, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, өлкөдө ачылуусу пландалган 100 обьекттин катарында, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди.

Алар,

-Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Исфайрам-1 ГЭСи

-Кызыл-Кыя шаарындагы кагаз баштыктарын чыгаруучу ишкана

-Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көмүр өндүрүүчү “Дөгмөн кен” ишканасы

-Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көмүр өндүрүүчү “Ормузан” ишканасы

-Раззаков шаарындагы муниципалдык мал базары

-Баткен районунун Кайыңды айылындагы “Жусуп Турусбеков” атындагы орто мектеби

-Кадамжай районунун Чандеки айылындагы “Халмурат Жаныбеков” атындагы орто мектеби

Жер жерлерде ар бир обьекттин ачылуусу салтанатуу белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тургундар катышты.