25 декабрь 2025
Кароолор: 7
Баткенде бүгүн 11 объект пайдаланууга берилди
Бүгүн 25-декабрда, IV Элдик Курултайдын ачылыш күнүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун онлайн катышуусунда, өлкөдө 94 объект ачылды.
Анын алкагында Баткен облусунда 11 объект пайдаланууга берилди. Анын ичинен 3 өндүрүш ишканасы, 7 социалдык объект, 1жол.
Алар;
Жол тармагы
1. Баткен районунун Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу
Өндүрүш ишканалары;
2. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы “Мега Газаблок” ишканасы
3. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын “Сүлүктү” 11-талаа көмүр кени
4. Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылындагы логистикалык борбор
Социалдык мекемелер;
5. Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу З.М.Бабур атындагы мектеби
6. Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбике айылындагы №27 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты
7. Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Баул айылындагы №19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты
8. Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылындагы Үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имараты
9. Лейлек районунун Кулунду айылындагы Т.Жолдошев атындагы орто мектеби капиталдык оңдоп тузөөдөн өттү
10. Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылындагы гимназия мектеби капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү
11. Сүлүктү шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборукапиталдык оңдоп түзөөдөн өттү
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы