28 май 2024

Кароолор: 67

Баткенде “Бош орундар жана кесиптер жарманкеси” өттү

Баткен Мамлекеттик Университети уюштурган жарманкеде, аймактагы орто мектептерден 275 бош орун, Баткен шаарындагы мамлекеттик, коммерциялык жана башка уюмдардан 20 бош орун сунушталды.

30га жакын ишкана катышкан иш чарага, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана жумуш издеген жарандар келип катышып, маалымат алышты.

Иш чарада Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, учурда чет жактан жумуш издеген жарандардын коопсуздугу үчүн зарыл болгон маалыматтар, мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштү.

Ал эми Мигранттар үчүн ресурстук борбордун адистери, жумуш издеп чет өлкөгө чыгууда эске алчу негизги жагдайлар жана migrant.kg сайты боюнча маалымат беришти.

Жарманкенин расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, мындай иш чаралар иш берүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн зор мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, өзгөчө чет өлкөлөргө жумуш издеп барган жаштар арасындагы, ар кандай оор кырдаалга кабылган учурлардын алдын алууда пайдалуу экенин айтты. Пайдалуу баяндамалар менен коштолгон жарманкелер, иш берүүчүлөр менен жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга да зор өбөлгө болот деди.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы