27 март 2025
Кароолор: 14
Баткенде “Бизнес агартуу кербени” болуп өттү

Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, КР Мамлекеттик салык кызматы, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун эксперти, Туризм департаментинин, Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өнүктүрүү фонддор жана мамлекеттик банктардын өкүлдөрү катышып, чакан жана орто бизнес субъекттери үчүн консультацияларды беришти.
Бул иш чара Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, JIA бизнес-ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында уюштурулуп, иш-чаранын максаты ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана жакындатуу болуп саналат.
Негизинен жыйын “Ишкердик чөйрөсүндөгү жаңы мыйзамдардын” өзгөрүүсү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясаты жана ишкердикти коргоодогу ролу, мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү,” “Региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен туризмди өнүктүрүү,” Өнүктүрүү фонддор жана мамлекттик банктардын чакан жана орто бизнеске ылайык финансылык продуктылары, шарттары менен талаптары боюнча жана “Салык саясатындагы өзгөртүүлөр жана ишкерлерге болгон таасири” жаатында сессия өтүп ишкерлер менен суроо-жооп иретинде талкуу болду.
Мындай иш-чаранын аймактарда өтүшү ишкерлер үчүн жаңы билимдер, тажрыйбаларды жана кеңештерди алып, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы