17 июнь 2025

Кароолор: 10

БАТКЕНДЕ БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ-БАКТЫЛУУ КООМ АТАЛЫШЫНДАГЫ АКЦИЯ ӨТТҮ

БАТКЕНДЕ БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ-БАКТЫЛУУ КООМ АТАЛЫШЫНДАГЫ АКЦИЯ ӨТТҮ

Баткенде “Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү бардыгыбыздын милдетибиз” деген ураан менен акция болуп өттү.

Иш чарада жөө жүрүш да уюштурулуп, ага Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кызжибек Тагаева баштаган социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү катышты.

Иш чаранын максаты, коомчулукту үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алууга үндөө болуп саналат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы