31 декабрь 2023

Кароолор: 60

Баткенде аяз атага кат жазган балдарга белектер тапшырылды

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, аяз атага, КР Президенти Садыр Жапаровго жана облус башчысына кат жазган балдарга белектерди тапшырды.

Иш чара “Апаз Жайнаков” атындагы облустук музыкалык драма театрында өтүп, алгач балдарга КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мансур Парпиевдин режиссерлугу менен даярдалган “Достук менен ынтымактын жеңиши” аталышындагы жаңы жылдык жомогу тартууланды.

Андан соң облус башчысы балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, “жаңы жыл жакшы маанайды, өзгөчө сезимдерди тартуулаган майрам. Мына ушул баарыбыз сүйгөн жаңы жыл майрамын утурлап, силер менен жолугуп олтурганыма аябай кубанычтамын. Силер биздин Баткен облусунун эле эмес, жалпы Кыргызстандын келечеги жана зор үмүтү болосуңар. Силер татыктуу билим алууга, сак саламатта болууга, бардар жашоодо жашап чоңойууга, бактылуу болууга татыктуусуңар.

Биз силердин жаркын келечегиңер үчүн болгон күч аракетти, мүмкүнчүлүктү пайдаланып иштейбиз, жаңы жыл ар бир баланын таттуу кыялын орундатсын ” деп, балдарга кең келечек каалады.

Белгилей кетсек, аяз атага, КР Президентине, облус башчысынын дарегине, Баткен облусунан 200гө жакын бала кат жазган.

Алардын ичинен кичинекей Даниелдин каты өзгөчө кат деп табылды. Ал аяз атадан жаңы жылды ата-энеси менен тосууну суранган. Анын ата-энеси Орусияда эмгектенип жүргөн.Учурда чоң энесинин колунда тарбияланууда.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы