06 март 2026

Кароолор: 4

Баткенде Аялдардын Эл аралык майрамына арналган салтанаттуу иш чара өттү

Баткенде Аялдардын Эл аралык майрамына арналган салтанаттуу иш чара өттү

8-март – Аялдардын Эл аралык майрамына карата уюштурулган облустук салтанатка 150 айым чакырылды.

Иш чарага аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы айымдар катышты.

Майрам ээлерин КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов куттуктап, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон айымдарга сыйлыктарын жана белектерин тапшырды.

Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан майрамдык концерт тартууланды.

Андан соң “Баткен”кинотеатрында Бейиш 2 “Апама кат” тасмасы көрсөтүлдү.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма өз кызматы