05 март 2024

Кароолор: 4

Баткенде аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

8-март – Аялдардын Эл аралык майрамына карата Баткен облусунун бардык тармактарына жигердүү салым кошуп келе жаткан айымдар үчүн майрамдык салтанат өтүп, ага 200 айым чакырылды.

Иш чарага облустагы көп балалуу баатыр энелер, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы айымдар,   мекен чегинде баатырларча курман болгон жоокерлердин энелери, жубайлары катышты.

Майрам ээлерин КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, олкө башчысы Садыр Жапаровдун жана өзүнүн атынан  куттуктап, “аялзаты- үй-бүлөнүн куту, берекеси, бекем үй-бүлөнүн башаты.Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет" деп бекеринен айтылбайт. Сиздердин мээримдүү эне, камкор жар болуу менен катар, коомдук турмуштун бардык тармактарындагы  салымыңыздар эбегейсиз.  Өзгөчө чек арага чеп болуп жашаган  Баткендин  айымдарынын эркттүүлүгү, кайратмандыгы баалоого арзыйт” деди.

Салтанаттын жүрүшүндө облус башчысы бир катар айымдарга  сыйлыктарын тапшырып, жалпы келген аялзатына белектерин берди.

Майрамдык иш чара белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен уланды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма өз кызматы