07 апрель 2025
Кароолор: 11
Баткенде “Апрель” жана “Жоогазын” революциясына арналган илимий конференция өттү

Баткенде “Апрель” жана “Жоогазын” революциясына арналган илимий конференция өттү
Бүгүн Баткен Мамлекеттик Университетинде “24-март Элдик революция күнүнүн” 20 жылдыгына,“7-апрель Элдик апрель революциясынын” 15 жылдыгына карата өткөрүлүүчү “Элдик революциянын саясий сабактары жана тарыхый таасирлери” – аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий-практикалык конференциянын максаты – 24-март жана 7-апрель революциясынын тарыхый маанисин, анын саясий, социалдык жана экономикалык процесстерге тийгизген таасирин талдоо, ошондой эле, анын азыркы коомго тийгизген узак мөөнөттүү таасирин талкуулоо болду.
Конференцияга катышкан КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, өз сөзүндө “Кыргыз эли 24-март жана 7-апрелде авторитардык бийликтин саясатынын тереңдешине каршы тура алды. Бул элибиздин кылымдарды карыткан, кайратман эл экендигин, эркиндикти сүйгөн эл эч качан авторитардык, диктатуралык режимди тааныбай тургандыгын далилдеди.
Натыйжада жергебизге тынчтык, туруктуулук келди.
Кыргыз мамлекеттүүлүгү бекемделип, өнүгүү жолуна чыкты, маданият менен кыргыз салты кайра жанданды, элдин намысы ойгонду, кыргыз көчү кайрадан жолуна салынып, кең келечекке жол ачылды. Ошондуктан мындан ары биз бул күндөрдү, келечекке жол ачкан күн катары тосушубуз керек” деп белгиледи.
Иш чара Баткен Мамлекеттик Университетинин ректору, профессор Айдар Гыязовдун, “Кыргызстандын саясий жаңылануу жолундагы элдик көтөрүлүштөр: себептер жана келечек перспективалары” аталышындагы баяндамасы менен улантылды.
Ошондой эле окуу жайдын доценти Шайыр Шеров, “2005-2010-жылдардагы түстүү революциялар, эгемендүү Кыргызстандын коомдук саясий турмушундагы трансформациялык жараяндын башаты” аталышында баяндама жасады.
Конференциянын соңунда 24-март жана 7-апрель окуяларында курман болгон мекендештердин арбайына багышталып куран окулду.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы