06 август 2024
Кароолор: 63
Баткенде алты айда 40 чакан ишкана ачылды

2024-жылдын биринчи жарым жылында облустун аймагында 2 382 жумуш орун түзүлгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 413 жумушчу орунга көп.
Бул жумуш орундары мамлекеттик, жеке менчик мекеме ишканаларда, өнөр жай, анын ичинде кен казуу, айыл чарба тармактарында түзүлгөн кошумча жумуш орундары болуп саналат.
Мындан сырткары 6 ай ичинде, Баткен облусунун аймагында 40 муниципалдык жана жеке менчик киреше алып келүүчү жаңы ишканалар ачылып, 273 жаңы иш орундар түзүлдү.
40 ишкананын ичинен өнөр жай продукцияларын өндүрүүчү 20 кичи ишкана, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү 4 ишкана, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 7 ишкана, кызмат көрсөтүүчү 6 ишкана жана 3 жаңы соода борбору ачылды.
Бул ишканалардын эсебинен 394 млн сомдук жеке инвестиция өздөштүрүлдү.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы