27 июль 2023
Кароолор: 181
Баткенде айыл элинин жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоор ишке ашууда

Баткенде “КРдагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жергиликтүү аймактарды өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкууланган биринчи отурум өттү. Бул долбоор Корея эл аралык кызматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып, КР айыл чарба министрлиги менен биргеликте ишке ашууда.
Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева менен долбоорду ишке ашырып жаткан Эл аралык Гуд Нейборс эл аралык уюмунун Ош шаарындагы филиалынын талаа менеждери Ли Богжу жетектеген эки тараптын өкүлдөрү катышты.
“Айылдарды комплексттүү өнүктүрүү” долбоору негизинен айылдарда социалдык-экономикалык чөйрөнү жакшыртуу, айыл чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоордун алкагында айылдарда өнүктүрүү борборлорун куруу пландалган.
Долбоорго Ош жана Баткен облусунан 30 айыл кирген.
Беш жылдык долбоордун жүрүшүндө айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, айыл тургундарына пайда келтирүү максатталган.
Аталган долбоорго Баткен облусунун Масалиев, Орозбеков, Дара, Кара-Булак айыл аймактары кирген.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы