10 октябрь 2025

Кароолор: 28

Баткенде "Дан" ун чыгаруучу ишканасы аймакты жогорку сапаттагы ун менен камсыздоодо

Баткенде "Дан" ун чыгаруучу ишканасы аймакты жогорку сапаттагы ун менен камсыздоодо

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов,Кызыл-Кыя шаарындагы "Дан" ун чыгаруучу ишканасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Аталган ишкана бир жыл мурун заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жеке ишкер 50 млн сомго жаңы завод куруп, күнүнө 40 тонна ун өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Заводдун иши заман талабына жараша автоматташтырылган.Андан сырткары 30 адам жумуш менен камсыз болгон.

Учурда ишкана Казакстандан 5000 тонна буудай алып келип, жогорку сапаттагы ун өндүрүп, Баткен облусун ички базарларында сатылууда. Ошондой эле Ош облусунун кошуна райондоруна сатылууда.

Ички базарда "Дан" ишканасынын унунун сапаты бааланып, суроо талап жогору болууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы