26 июль 2024

Кароолор: 30

Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкташкан муздаткычтуу кампа курулууда

Бүгүн 26-июлда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен, «Гуд Нейборс Интернешнл» уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жана Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуу аземи өттү.

Кол коюу аземине КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, «Гуд Нейборс Интернешнл» уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын өкүлү Шин Джонг Хйонг айым, Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалай Ибраимов, Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Досмахамат Анапияевдер катышып, кол коюшту.

Учурда Баткен районунун Дара айыл өкмөтүндө муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда.

500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 5млн 853миң сом каралган.

Бул каражатка кампанын биринчи этабы курулуп бүттү.

Курулушуту толук бүткөрүү үчүн, өнөктөш катары «Гуд Нейборс Интернешнл» уюму 10млн сом салым кошууда.

Ал эми Дара айыл өкмөтү, жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлгөн.

Долбоордун жалпы суммасы: 18 млн 853 миң сом.

Беш муздаткычтуу ишкананын жыл соңуна чейин эки муздаткычы ишке берилүүсү күтүлөт.

Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы айыл чарба кооперативдердин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Муздаткычтуу кампа Дара айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу, кургатылбаган "ак өрүк"сортун жана жыл сайын аянты өсүп жаткан кулпунайды сактоого жана экспорттун өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы