31 июль 2025

Кароолор: 18

Баткенде 500 орундуу Жаңы-Жер орто мектеби курулууда

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Жаңы-Жер орто мектебинин курулушу жүрүүдө.

Курулушка республикалык бюджеттин эсебинен 164млн 703миң сом каржыланган.

Учурда курулуш иштери 55% аяктаган. 2025-жылдын декабрь айына бүткөрүү пландалган.

Типтүү мектепте окуу үчүн барык шарттар түзүлөт.