14 август 2025
Кароолор: 8
Баткенде 25 жаш жубайлардын үйлөнүү тою чоң салтанат менен өттү

Иш чарага жаш жубайлар жана алардын жакындары менен катар, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысбек Атажанов, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган район шаар жетекчилери, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын мүдүрү Мохаммед Мады баштаган Сауд Аравия өлкөсүнөн коноктор катышты.
Жаныбек Исаков алгач жаш жубайлардын үлпөт тоюн колдоого алган, Ахмад бин Ибрахим бин Саид мырзага, облус башчысы Айбек Шаменовдун ыраазычылыгын жана белектерин тапшырды.
Ошондой эле жаш жубайларга облус башчысынын куттуктоосу жана белеги ыйгарылды.
Аталган иш чара КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана “Бүткүл Дүйнөлүк Мусулман Жаштар Ассамблеясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.
Жубайларга бүгүн борбордук мечитте нике кыйылып, нике шакекери жана күбөлүктөрү тапшырылды. Демөөрчүлөр тарабынан үй тиричилик буюмдары да белекке берилди.
Иш чаранын максаты-үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштардын келечегине дем берип, коомчулукту бир максатка бириктирүү,кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы