13 февраль 2024
Кароолор: 46
Баткенде 25 айылда сугат суу жана ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртууга багытталган долбоор ишке ашууда

Бүгүн 13-февралда, Мерсико уюму “Эл аралык Толеранттуулук үчүн” Фонду менен биргеликте, Баткен облусунда ишке ашырылуусу күтүлүп жаткан “Тынчтык үчүн суу: Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу жана бейпил жамааттар” долбоорун презентациялоочу жыйыны өттү.
Жыйынга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, К Р Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Мерсико уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Елена Бурян, район-шаар башчылары жана суу чарба тармагынын адистери катышты.
Бул жолугушуунун максаты долбоорлорду өз убагында баштоо жана ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өнүктүрүү институттарынын ортосунда туруктуу өнөктөштүктү түзүү болду.
Жыйын катышуучуларына долбоор тууралуу кеңири маалымат берилип, анын максаты, милдети, күтүлгөн натыйжалар жана тийиштүү тараптардын ролу талкууланды.
Долбоор Баткен жана Лейлек райондорунун 25 айылын камтыйт. Айыл тургундарынын сугат жана ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн, социалдык обьектилердин суу менен камсыз кылуусун жана канализациялык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча, сууну фильтирлөө системаларын орнотуу, суу аркылуу жугуучу инфекцияларды кыскартуу аркылуу экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышына салым кошот.
Белгилей кетсек,жыйындын жүрүшүндө, аталган уюм тарабынан 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагында өткөрүлгөн мектептеги тамактанууну жайылткан эң мыкты айыл өкмөт сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. 1-орунду Кадажай районунун Көтөрмө айыл өкмөтү, 2-орунду Майдан айыл өкмөтү, 3-орунду Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү ээлеген.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы