17 ноябрь 2023
Кароолор: 36
Баткенде 22км болгон айланма жол курулду

Ош-Баткен-Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу унаалардын шаарды айланып өтүүсүнө шарт түзүү, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында, узундугу 22 км болгон жол курулду.
16,2 чакырым болгон Чоң-Талаа-Кара-Бак-Баткен автожолу жана 6,2 чакырым болгон Баткен районунун Миң-Өрүк айылына кеткен жол курулуп, асфальт төшөлдү.
Жалпы узундугу 22 чакырым болгон жол үчүн республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган.
Бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн 8 кмге жол кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, шаарды айланып өтүүгө болот.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы