04 сентябрь 2025
Кароолор: 13
БАТКЕНДЕ «2023–2027-ЖЫЛДАРГА ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШ-АРАКЕТТЕРДИН БЕШ ЖЫЛДЫГЫН ИШКЕ АШЫРУУ» БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Амантуровна Кемелова, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, туристтик компаниялар жана кызыкдар тараптар катышты.
Белгилей кетсек,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында иштерди жүргүзүүдө.
Бул иштер тоо калкынын жашоо сапатын жакшыртууга, тоо экосистемаларын коргоого жана дүйнөлүк коомчулуктун тоолуу аймактардагы көйгөйлөргө көңүлүн бурууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы №237 Жарлыгы менен 2023–2027-жылдар аралыгы Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы №735-т тескемеси менен бул багыттагы Концепция жана Жол картасы бекитилген.
Бул тегерек столдун негизги максаты – тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана эл аралык өнөктөштөр менен жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулоо.
Талкуунун негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
-Жол картасын ишке ашыруу;
-Тоолуу райондордо табигый кырсыктарга жана климаттык өзгөрүүлөргө алдын ала чараларды көрүү жана ага жооп кайтаруу;
-Азыркы учурдагы демилгелерди, долбоорлорду жана стратегияларды талдоо;
-Тоо экосистемаларын башкарууну жакшыртуу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу;
-Тоо калкына жардам көрсөтүү жана социалдык-экономикалык жактан колдоо;
-Мамлекет менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташтыгын талдоо жана бекемдөө.