06 июль 2023
Кароолор: 42
Баткенде 11млн долларлык агрардык долбоор өз ишин баштады

Баткенде «Баткен облусунда жемиштүү өнөктөштүктү куруу үчүн экономикалык абал жана агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү» аталышындагы жыйын болуп өттү.
Ага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, АРИС, Агровей уюмдарынын өкүлдөрү, район-шаар, айыл аймак башчылары,Бишкек шаарынан келген ишкерлер, жергиликтүү ишкерлер менен дыйкан фермерлер катышты.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Банк тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүнгөн. Анын 11 млн доллары айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. Долбоорду АРИС ишке ашырат.
Жыйындын жүрүшүндө АРИС уюмунун эксперттери айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары, долбоордун максаты, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Ал эми AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына жүргүзүлгөн комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
Облус башчысы А.Алимбаев өз сөзүндө “алдыда айыл чарба аянттарын кеңейтүү менен катар, дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык продукция өндүрүүнү, сактоону, кайра иштетүүнү өздөштүрүп, экспортко чыгаруу иштерин активдештирүү турат. Эң негизгиси айыл чарба аянттарын кеңейтүү үчүн, аймакка сугат суу жеткирүү, сууну үнөмдүү пайдалануу маселелери бар. Ошондой эле эт өндүрүү, асыл тукум мал чарбачылыгы үчүн да аймагыбыз ыңгайлуу.
Мына ушул багытта аймактын агрардык тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор, Баткен үчүн эң пайдалуу, келечектүү долбоор болот деп ишенем.
Алдыда Баткендин ишкерлери өндүрүштүк жааттагы ишкердикке да өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Анткени бул мезгил талабы болуп калды-деп белгиледи.
Бүгүнкү жыйындын негизги максаты долбоордун 2-компонентинин алкагында изилдөө натыйжаларын презентациялоо жана талкуулоо, кызыкдар тараптар менен кызматташуунун картасын түзүү, Баткен облусунда артыкчылыктуу өндүрүштүк өнөктөштүктү өркүндөтүү.
Жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышты.Ошондой эле ар бир айыл өкмөтү, жеңилдетилген товардык кредиттерди алуу үчүн иш пландарды жана долбоорлорду сентябрь айына чейин түзүү керектиги айтылды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы