15 октябрь 2025

Кароолор: 6

Баткен жетекчилиги Ферганада Тынчтык форумуна катышууда

Баткен жетекчилиги Ферганада Тынчтык форумуна катышууда

Бүгүн Өзбекстандын Фергана шаарында «Фергана өрөөнү: тынчтыкка жана гүлдөп өнүгүүгө карай күч-аракетти бириктирүү» деген темада Фергана өрөөнүнүн Тынчтык форумунун Биринчи жыйыны өтүүдө.

Форумга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана облус башчыларынын жетекчилигинде атайын делегация катышууда.

Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы аналитикалык борборлорунун жетекчилери жана серепчилери, тынчтык орнотууга адистешкен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышып жатат.

Форумда Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов сөз сүйлөп, “бүгүн биз меймандос Ферганада чогулуп, биздин аймактардын ортосундагы тынчтыкты, ишенимди жана жакын кошуналык мамилени чыңдоонун жолдорун бирге талкуулап жатабыз. Бүгүнкү форумдун темасы — биз үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени Фергана өрөөнүндөгү – коопсуздук, суу, соода-экономика, экология, маданият жана башка бардык маселелер, бирдиктүү мамилени жана өз ара ишенимди талап кылат. Диалог, өнөктөштүк жана үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү аркылуу гана биз туруктуу тынчтыкты бекемдеп, өнүгүү үчүн шарттарды түзө алабыз” деп белгиледи.

Ошондой эле бул багытта тараптарды өз ара түшүнүшүү менен байланыштырган чет элдик өнөктөштөрдүн жана эксперттик коомчулуктун ролун баса белгилеп, аларды дипломатиянын көпүрөсү деп баалады.

Ал ошондой эле Баткен облусу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров белгилеген багытта, туруктуулуктун, кызматташтыктын жана инвестициянын аймагы катары өнүгүу аракетинде деп белгиледи.

Форум катышуучулары биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу менен, коңшу аймактар аралык кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады.

Белгилей кетсек 16-октябрда форум, тынчтыкты орнотууга арналган “Ынтымак күнү” иш чарасы менен уланат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы