29 декабрь 2025

Кароолор: 6

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

Бүгүн 29-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода, Баткен шаарында жолукту.

Жолугушууга чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Бул жолугушуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер чечилгенден кийинки, эки облустун келечек мамилелерин талкуулаган алгачкы жыйын болду.

Облус башчылары алгач буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Имомали Рахмондун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшу,эки облустун мындан ары алакасын өнүктүрүүгө жол ачканын белгилешти.

Жолугушууда кошуна жашаган Баткен жана Согди облустарынын элдеринин ынтымагын чыңдоо, карым катнашын өнүктүрүү, чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен, эки тараптан тең алмашуу макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүү иштеринин аякташы, эки тараптан тең өткөрүлүп берилүүчү жана өткөрүлүп алынуучу турак жай, социалдык объекттерди инвентаризациялоо жумуштарынын жыйынтыкталышы боюнча баарлашып, бул иш аракеттер түшүнүшүү маанайында ийгиликтүү ишке ашканын белгилешти.

Ошондой эле алдыда чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө, чек ара сызыгын, короо жай, бак дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча иштер улантылаарын айтышты.

Жетекчилер бири-бирин келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жаңы жыл, кыргыз-тажик элине ынтымак, биримдик тартуулаган, ар тараптуу кызматташууну өнүктүргөн, ийгиликтүү жыл болуусуна тилектештигин билдиришти.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы