14 июнь 2024
Кароолор: 32
Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолукту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жолукту.
Эки тараптуу жолугушуу Баткен шаарында, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында өттү.
Облус башчылары алгач алдыда келе жаткан “Курман айт” майрамы менен бири-бирин куттуктап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы ар дайым тынчтыктын, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын чек арасы болушуна тилектештигин билдиришти.
Ошондой эле бүгүнкү жолугушуу эки тараптын мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо ниетин дагы бир жолу далилдеп жатканын, тынчтыкты камсыз кылуу боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды сакталаарын белгилешти.
Чектеш облустардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо жаатында кызматташууну бекемдөө күн тартибиндеги маселе болду.
Жолугушууга облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары, чектеш жайгашкан район-шаар башчылары да катышып, тараптар эки облустун аймактарында тынчтыкты камсыз кылуу багытындагы биргелешкен иш аракеттерди талкуулашты.
Тараптар бүгүнкү күндө уланып жаткан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын, чек ара маселелерин өз ара сүйлөшүү жолу менен гана чечүү аракетин кубаттап, аны илгерилетүүдө жергиликтүү деңгээлдеги маселелер боюнча ыкчам, туура чечимдерди кабыл алуу үстүндө биргелешип иштөөнү белгилешти.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы