30 май 2024

Кароолор: 40

Баткен жана Фергана облусунун жетекчилери жолукту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров Шахимардан аймагында жолукту.

Жолугушууга Баткен жана Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, чектеш район-шаар башчылары да катышты.

Облус башчылары Абдикарим Алимбаев менен Хайрулло Бозаров Баткен жана Фергана облустарынын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө туризм жаатында кызматташууну жаңы тепкичке алып чыгуу үчүн тийиштүү болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, эки облустун чек араларында жайгашкан өткөрмө пункттарда чет өлкөлүк жарандарды өткөрүү шарттарын жеңилдетүү маселесин карашты. Аны менен катар быйылкы туризм сезонун ачуу аземин биргеликте өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле кыргыз-өзбек ишкерлеринин алкасын чыңдоо, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү жөнүндө сөз болуп, Өзбекстандын Кувасай шаарында Кыргыз соода үйүн ачууну тездетүүнү макулдашышты.

Жолугушуу эки облустун күч түзүмдөрүнүн, район-шаар башчыларынын жетекчилеринин, өз тармактары боюнча маселелерди талкуулап,чечүүгө да зор мүмкүнчүлүк болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикаларынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбек Республикасынын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда кызматташууну кеңейтүү жөнүндө комплекстүү программага («Жол Картасы») кол коюлган.

Анын алкагында, 2023-жылы Баткен облусу менен Фергана облусу жана Өзбекстандын башка облустары ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин үлүшү 88,2% түзүп, 6,7 млрд сомдон ашык сумманы же 76,4 млн АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда Баткен облусунан Өзбекстанга экспорт товарлардын көлөмү импорттун көлөмүнөн 2,6 эсеге жогору болду. Жыйынтыгында экспорттун көлөмү 55,1 млн АКШ долларын түздү, ал эми Өзбекстандан 21,2 млн АКШ долларына товар импорттолду.

2024-жылдын биринчи кварталында Баткен облусунун Фергана облусу менен товар жүгүртүүсү 1,1 миллиард сомду же 11,85 миллион АКШ долларын түздү. Натыйжада Баткен облусунун сырткы байланыштар багытында, кошуна Өзбекстан Республикасынын аймактары менен кызматташуусу биринчи орунда келе жатат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы