31 март 2026
Кароолор: 5
Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилери биргелешкен макулдашууларга кол коюшту
Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Документ соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык, маданий жана гуманитардык тармактарды камтыйт.
Фергана облусу менен Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондору жана Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу макулдашууларга ылайык, тараптар кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, айыл чарба тармагында кызматташуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле билим берүү жана туризм тармактарында кызматташат.
Документтерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов, Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов, Кадамжай районунун акиминин орун басары Мирлан Айтматов жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Иляз Бабаев кол коюшту.
Бул иш аракет, Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери кол койгон эки тараптуу келишимдерге жана «Жол картасына» ылайык ишке ашууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы