09 май 2026

Кароолор: 10

Баткен: Улуу Жеңиш майрамы

Баткен: Улуу Жеңиш майрамы

Облус борбору Баткен шаарында 9-май — Улуу Жеңиш майрамына арналган иш-чара Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи менен башталып, ооруктун ардагерлери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилердин катышуусунда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерилип, Куран окулуп, бата кылынды.

Андан соң “Өлбөс полк” жүрүшү башталып, ага согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөргөн урпактары катышты. Иш-чарага жалпысынан 1500дөй жаран катышып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдиктери даңазаланды.

“Өлбөс полк” жүрүшү борбордук стадионго чейин уланып, анда Жеңиш майрамынын расмий бөлүгү башталды.

Алгач облус башчысы Мамыржан Рахимов жалпы мекендештерди, анын ичинде облус элин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Облус башчысы өз сөзүндө;

“Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш — кайраттуулуктун, мекенчилдиктин жана элдин биримдигинин тарыхый символу болуп саналат. Биз бүгүнкү тынч жашообуз, элибиздин бакубат турмушу үчүн кан майданда каармандык көрсөткөн ардагерлерибизге, ошондой эле ооруктагы түйшүктү көтөргөн эмгек ардагерлерине терең ыраазычылык билдиребиз”, — деди.

Жеңиш майрамына арналган иш-чара Апаз Жайнаков атындагы облустук драма театрынын артисттеринин катышуусундагы сахналаштырылган көрүнүш менен уланып, жергиликтүү таланттардын чыгармалары жаңырууда.

Улуу Ата Мекендик согушка Баткен облусунан 21 500 жоокер аттанып, алардын 14 000 согуштан кайтпай калган. 7 500 жоокер мекенине кайтып келип, согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине активдүү катышкан. Учурда облус аймагында 40 оорук ардагери жашайт.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы