26 декабрь 2024
Кароолор: 30
Баткен телеканалынын 20 жылдыгы белгиленип, анын алкагында облустун жыл мыктылары аныкталып, “Алтын өрүк” сыйлыгы ыйгарылды

Салтанаттуу иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев катышып, УТРКна караштуу Баткен облустук телерадиокомпаниясынын эмгек жамаатына облус башчысынын куттуктоосун жеткирип, сыйлыктарын тапшырды.
Маруфхан Тулаев өз сөзүндө, “Баткен телеканалы аймактын үнү катары кызмат кылып, жергиликтүү калк менен бийлик органдарынын ортосундагы көпүрө болуп келет. Ал мындан ары да өзүнүн маанилүү миссиясын ийгиликтүү аткара берет” деген ишеничин билдирди.
Иш чаранын жүрүшүндө өз ишинде өзгөчөлөнгөн жыл мыктыларына “Алтын өрүк” сыйлыгы тапшырылды.
Белгилей кетсек, УТРК Баткен телеканалы өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларында жүргүзгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жыл мыктылары аныкталган. Ага ылайык,
Мыкты аким - Жоробаев Учкунбек Имамалиевич – Баткен районунун акими
Мыкты мэр - Маткалыков Асилбек Жоробаевич – Кызыл-Кыя шаарынын мэри
Мыкты жетекчи - Саттаркулова Гулмира Бабаевна – Сүлүктү шаарындагы маданият бөлүмүнүн башчысы
Мыкты айыл өкмөт башчысы - Эркебаев Ашыралы Анарбаевич – Баткен району. Төрт - Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы
Мыкты окутуучу - Таиров Кубанычбек Абдилазизович – БатМУ. Гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу
Мыкты медицина кызматкери - Кадыров Жыргалбек Ибрагимович – Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун директору
Мыкты спортчу - Рахманова Дилдора Гуломалиевна – Кадамжай району. БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институнун Дене тарбия факультетинде ага окутуучу
Мыкты аскер - Амиров Нурмухамед Арстанбекович – Сүлүктү шаары. КРнын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Чек ара кызматынын №2051 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы майор
Мыкты маданият кызматкери - Дыйканов Карим Токтосунович – Баткен району. Баткен райондукбБалдар музыкалык мектебинин кызматкери
Мыкты журналист - Абдырахманова Насигүл Аширалиевна – УТРК БАТКЕН
Мыкты чарбакер - Динмухамед уулу Марлен – Баткен району. “Клубмалина Жаңы-Жер” айыл райондук агрардык чарба кооперативинин жетекчиси
Мыкты ишкер - Эржигит Таштанов НСК-Баткен филиалынын директору Кадамжай району.
Мыкты тейлөөчү - Мамытов Алтынбек Аманбаевич – Баткен району. КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткендеги филиалынын директорунун орун басары
Мыкты укук коргоочу - Толтоев Мирбек Мукашбекович – Кызыл-Кыя шаары. Кызыл-Кыя ШИИБнин башчысы милициянын подполковниги
Мыкты куткаруучу - Суйунов Алманбет Сабырбекович – КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №77 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол-башчысы- улук лейтенант жылдын мыктылары болушту.